Осуят

 Мен өлгөндө бул денемди,
Көрүнө жерге койгула?
Украина, сен жамсың
Кенен мекен койнуна.
Талаа бети көркөмдүгү
Көңул дайым бурулсун.
Днепрдин толкундары
Шуулдай, дайым угулсун.
Душмандардын кочкул каны
Украина төрүнөн,
Көк деңизге агып кетсе,
Бир кудайга жүгүнөм.
Талаа, тоонун бүт жагынан,
Агып кетип, түгөнсүн.
Мына ушул болмоюнча,
Мен кудайды сүйбөсмүн.
Мени көмүп, тең тургула,
Чынжырларды үзгүлө!
Душмандарды бүт жоготуп,
Эркиндикти түзгүлө!
Эркин, улуу-үй бүлөдө,
Жаңы түшкөн из менен,
Мени унутбай, эстегиле,
Жылуу жумшак сөз менен!
 

переклав Толен Шамшиєв

 

Хостинг от uCoz